Эмгек мигранттарынан келген акча барган сайын азаюуда

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигранттар Кыргызстанга жөнөткөн каражаттын көлөмү октябрь айында эле 40 пайызга төмөндөгөн.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чет жерде иштеп жүргөндөрдүн Кыргызстанга жөнөткөн акчасы барган сайын азайып баратканы Улуттук банктын сайтында айтылат.

Москвадагы кыргызстандык 7 миллион рублин ууруларга алдырып жиберди
Өткөн жылдын октябрь айында кыргызстандыктар өз мекенине 148 миллион доллар которгон. Андан бир жыл мурун бул сумма 234 миллионду түзгөнү белгилүү болду.

Мында 13 доллардын ар бир 12си же 137 миллион Россиядан келет. Андан сырткары, каражаттын басымдуу бөлүгүн Казакстанда иштеген мигранттар салат. Октябрь айында которуулардын жалпы көлөмү 6,5 миллион долларды түзгөн. Бул Улуу Британия, Германия жана АКШдан келген акчага караганда кыйла чоң сумма. 

Былтыркы жылдын башынан октябрь айына чейин мекендештер 1,3 миллиард доллар, ал эми андан бир жыл мурун 1,9 миллиард доллар которгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0