Екатеринбург шаары. Архив

Консул: Екатеринбургда жоголгон Айганыштын тирүү экени тууралуу маалыматтар бар

772
(жаңыланган 14:04 02.02.2016)
2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев Айганыш Канат кызынын тирүү экени боюнча маалымат бар экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес.

Пропавшая в Екатеринбурге девочка Айганыш Канат кызы
Генеральное консульство КР в Екатеринбурге
Екатеринбург шаарында жоголуп кеткен Айганыш Канат кызы

Кожобаев учурда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү полиция менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

"Бизге Айганыш тирүү, көчөдөгү балдар менен жүрөт деген ыкчам маалыматтар келип түштү. Ушундан кийин издөө иштери күчөтүлдү. Полицияга диаспоранын активдери жардам берип жатат", — деди ал.

Башкы консул аймактагы диаспора өкүлдөрү менен ишемби, жекшемби күнү жолугуп издөө иштерин жүргүзүү учурунда керек болсо полицияга бензиндин акчасын деле чыгарып берүү үчүн сүйлөшүшкөнүн билдирди.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Ички иштер министрлигинин Екатеринбург боюнча башкармалыгы издөө иштерин баштаган. Полиция жана ыктыярдуу издөө топторунун аракетине карабастан ал бир айдан бери табыла элек.

772
Белгилер:
жоголуу, бала, Айганыш Канат кызы, Екатеринбург
Тема:
13 жаштагы Айганыш Канат кызы Екатеринбургда изделүүдө (10)
Тема боюнча
Башкы консул жана РФтин облустук Тергөө кызматынын жетекчиси Айганышты табууну талкуулады
Кредит кесепети: унутулган мектеп, Россияда жоголгон 13 жашар Айганыш
Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде добуш берип жаткан адам. Архив

Президенттик шайлоо: Москвада элчиликтин консулдук бөлүмү дем алышсыз иштөөдө

38
Өлкө башчыны шайлоо 10-январда өтөт. Москвадагы мекендештер ага катышуу үчүн айдын аягына чейин элчиликке кайрылышы керек.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүмү шайлоочуларды дем алышсыз кабыл алып жатат. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Кийинки жылдагы президенттик шайлоого карата өлкө жарандарынын конституциялык жана шайлоо укуктарын камсыздоо иши 29-декабрга чейин уланмакчы.

Мекеме иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алууда.

"Жарандарды Москва шаарында добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн 29-декабрга чейин элчиликке кайрылып, шайлоо дарегин (Форма №2 арызы менен) өзгөртүүсүн, консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүсүн эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шайлоочулардын алдын-ала тизмесин БШК сайты аркылуу текшерип алса болот.

38
Белгилер:
добуш берүү, шайлоо, Консул, элчилик, Москва, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады
Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт

Россияда мигранттардын адаптациясы үчүн борборлорду ачуу маселеси каралууда

90
(жаңыланган 10:51 02.12.2020)
Россиянын аймактарында атайын борборлорду ачып, анын ишине бир топ коомдук жана улуттук борборлорду тартуу маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россияга келген мигранттардын жергиликтүү элдин социалдык жана маданий турмушуна бат көнүп кетиши үчүн атайын аймактык борборлорду ачуу керек. Бул тууралуу РФтин Улуттар иши боюнча федералдык агенттигинин жетекчиси Игорь Бариновдун сөзүнө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясы жеңил болушу үчүн бир топ иштерди аткаруу керек. Бул бүгүнкү күндөгү эң маанилүү нерселердин бири. Аймактарда атайын борборлорду ачып, анын ишине бир топ коомдук жана улуттук борборлорду тартуу маселеси каралып жатат", — деди Баринов.

Ал кошумчалагандай, бул нерсени ишке ашыруу үчүн эң биринчиден мыйзам жүзүндө бекитип алуу керек.

90
Белгилер:
борбор, адаптация, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат
Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу
Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

0
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

0
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен