Москвада мекендештердин демилгеси менен кыргыз аалымдары баян курат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМосквадагы мечиттеги мусулмандар. Архив
Москвадагы мечиттеги мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу 14-февраль күнү Москва шаарынын "Тынчтык" проспектисиндеги борбордук мечитте өтөт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин өкүлдөрү ушул жылдын 14-февралында Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушарын муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Куран китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият китеп окуу сынагын жарыялады
Жолугушууга Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана аалымдар кеңешинин мүчөсү, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов катышат.

Иш чара саат 12:00дөн 17:00гө чейин Москва шаарынын "Тынчтык" проспектисиндеги борбордук мечитте өтөт.

Жолугушуу Москвадагы мекендештердин демилгеси менен уюштурулууда. 

Атабаевдын айтымында учурда чакырган тарап аалымдарды чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0