Хабаровскидеги кыргыздар мини-футбол боюнча турнирде экинчи орунду ээлешти

© пресс-служба ассоциации "Замандаш"Хабаровскидеги кыргызстандык команда мини-футбол боюнча турнирде.
Хабаровскидеги кыргызстандык команда мини-футбол боюнча турнирде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда жашап жаткан кыргызстандыктар дипломатиялык кызматкердин күнүнө арналган турнирге биринчи жолу катышты.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Хабаровскидеги кыргызстандык команда мини-футбол боюнча турнирде экинчи орунду ээлегенин "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Красноярскидеги Достук үйүндө кыргыз элинин буюм-тайымы тартууланды
Мелдеш Дипломатиялык кызматкердин күнүнө арналган. Майрам жыл сайын белгиленип келет.

Иш-чараны Россиянын Тышкы иштер министрлиги менен Спорт жана туризм министрлиги уюштурган. Ага ТИМ командасы, Түндүк Корея, Кытай жана биринчи жолу Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Түндүк Кореянын командасы ээлесе, экинчи орунга Кыргызстан, ал эми үчүнчү орунга ТИМ командасы татыды. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0