Уруксаты жок иштеген тажикстандыктар Кыргызстандан чыгарылды

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арада кармалган тажиктер аларды кыргыз жараны жалдаганын айтышты.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Тажик улутундагы жарандар шейшемби күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында кармалган. Аларды "Кулунду" тозотунун чек арачылары чек арадан өтүп жаткан жеринен кармаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

"Кармалган тажик жарандарынын паспорттору жок болуп чыкты. Коңшу өлкөнүн жашоочулары Кыргызстанга иштегени келип, аларды кыргыз жарааны жалдаганын айтышты. Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат берген баракчасы да жок экен",— деп билдирүүдө жазылган. 

КР административдик кодексине ылайык, тажик жарандарына айып пул салынып, өлкөдөн чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0