Кыргызcтандыктардын арасында эмгек мигранты болгусу келгендер азаюуда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы темир жол бекетиндеги мигранттар. Архив
Москва шаарындагы темир жол бекетиндеги мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы кыргызстандыктардын чет өлкөгө болгон агымы 33 пайызга кыскарган. Ал эми мекенине кайтып келген жарандарды статистикалык мекемелер каттай элек.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Чет өлкөгө кетип жаткан Кыргызстандын жарандарынын саны азайгандыгын Улуттук статистика комитети маалымдайт. Мындай жыйынтыкка мекеме өткөргөн изилдөөлөрдүн негизинде келген.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы жарандардын башка өлкөлөргө болгон агымы бир кыйла кыскарган. Былтыр чет жакка 7 миңден ашык адам кетсе, 2014-жылы бул көрсөткүч 11 миңге жеткен.

Чет мамлекетке кеткендердин көбү Бишкек жана Чүй облусунун тургундары. Бир жыл ичинде беш миңге жакын адам чыгып кеткен.

Ал эми Нарын облусунун жашоочулары четке чыгууга өтө кызыкдар эмес, жыл ичинде 36 гана адам чыкканы белгилүү.

Ошону менен бирге эле, мекенине кайтып келген кыргызстандыктар көп эмес. Былтыр келгендердин саны 3,3 миң адамга жеткен. Мурдагы жылы бул көрсөткүч 3,6 кишиге жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0