Москвадагы КР мигранттары Ноорузга карата аш басып, концерт коюшат

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүНооруз майрамын майрамдоо. Архив
Нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы майрам абдан шаңдуу өтөрү күтүлүүдө. Шаар бийлиги аны өткөрүү үчүн алты миллион рубль бөлүп берди.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Москвадагы кыргызстандыктар Ноорузга карата ВДНХ көргөзмөсүндө улуттук павильон сунуштай турганын Орто Азия боюнча эксперт Айгүл Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, 21-март күнү аталган павильонду жети миңдей киши көрүп, азия элдеринин маданияты менен тааныша алат.

Ниязалиева быйыл 11 жыл ичинде биринчи жолу майрамга билетсиз кирүүгө жол ачылганын белгиледи. Иш-чарага каалоочулардын баары келе алат.

Нооруз майрамында күн ачык болору болжонууда
Коноктор ар улуттун ыр-бийине, тамак-ашына күбө болот.

Павильондо кыргызстандыктар боз үй тигип, жанына тай казан орнотулат. Кыргыз ашпозчулары баскан аштан бардык каалоочулар келип ооз тие алат. Мындан тышкары, республиканын эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева менен ырчы Асия Асанкулова эл алдына чыгып, өнөрлөрүн тартуулашат.

Тажик маданий борборунун төрагасы Хуршед Хамракуловдун айтымында, өлкөдөгү экономикалык кыйын кырдаалга карабастан, Ноорузду майрамдоого шаар бийлиги алты миллион рубль бөлүп берген. 

Муну менен бирге келген коноктор армян, грузин жана башка диаспоралардын музыкалык белегин алып кайтышат.

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0