БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Хабаровск шаарында КРдин ардактуу консулунун "Шериктештик" кубогу боюнча эркектердин командалары арасында волейбол боюнча мелдеш өтөт. Бул иш-чара Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулууда. Мындай маалыматты "Замандаш" ассоциациясы таратты.
Аталган спорттук иш-чара 30-апрелден 1-майга чейин өтөт. Бул турнирге Кыргызстан, Россия, Кытай, Түндүк Корея, Белоруссия, Тажикстан, Бириккен Араб Эмирлигинин диаспоралары чакырылган.
Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы консулу Кадырбек Мырзабаев мындай иш-чаранын максаты улуттар арасындагы достук мамилени чыңдап, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.
"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияга мыйзамсыз барган мигранттардын ал жакта жүрүү мөөнөтүн узартуу жана жашаган жеринде каттоого алуу чечими кабыл алынат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигинин чет элдик жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кайрылуусунда айтылды.
Россиянын аймагында мыйзамсыз баргандар ээн-эркин жүрүп, жашай турчу жерди тандай алары белгиленди. Бул өлкөнүн айрым экономикалык тармактарында жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Ошого карап чет элдик жарандарды курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасында иштөөгө мыйзамдуу түрдө тартуу аракети болуп жатканы айтылат.
"Россия президентинин 18-апрелиндеги жарлыгына ылайык, мигранттар өлкө аймагына келүү мыйзамын бузган учурда аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет", — деп айтылат кайрылууда.
Жалпылап айтканда Россияда мыйзамсыз жүргөндөр жашаган жери боюнча укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Алар мигрантка жана үй-бүлөсүнө тиешелүү документтерин бүтүргөнгө жардам беришет.
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.