Эки жылдан ашуун Казакстанда кулчулукта жүргөн КР жараны кайтып келди

© Фото / пресс-служба ассоциации "Замандаш"Казакстанда эмгек кулчулугунда жүргөн Ош облусунун Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну Алмаз Маматалиев (ортодо).
Казакстанда эмгек кулчулугунда жүргөн Ош облусунун Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну Алмаз Маматалиев (ортодо). - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маматалиевди мекенине кайтарууга "Замандаш" ассоциациясы менен Алматыдагы кыргыз диаспорасы биргеликте иш алып барган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Казакстанда эмгек кулчулугунда жүргөн Ош облусунун Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну Алмаз Маматалиев бошотулганын "Замандаш" ассоциациясынын Алматы шаарындагы өкүлү Алтынбек Сыдыков билдирди.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кулчулукка кабылган 28 миңге жакын киши бар экени эсептелди
Жабырлануучунун айтымында, мындан эки жыл мурун аны Апиза аттуу таанышы Чалдовар аркылуу Алматы облусундагы Чилик айылына чабан катары алып келген. Бир нече күндөн кийин таанышы из суутуп кеткен. Ал эми Алмазды иштеткен казактар Апиза аны 100 миң теңгеге сатып кеткенин айтышкан. Ошентип кыргызстандык жаран казактардын колунда эки жылдан ашуун бекер иштеп берген. 

Мекенине кайтууга үмүт артпай калган Алмаз тууралуу ошол айылда жашаган кыргызстандык келин билип, кыргыз диаспорасына кабар берген.

"Алмаз тууралуу билгенден кийин дароо эле аны Кыргызстанга жөнөтүү боюнча аракеттерди көрө баштадык. Жанында эч кандай документтери жок экен. Кыргыз диаспорасынын жардамы менен аны мекенине кайтарууга мүмкүнчүлүк болду", — деди Сыдыков. 

"Замандаштын" өкүлү Маматалиев учурда үйүндө экенин, анын энеси менен телефондон сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0