Акжол-автодорожный өткөрүү пункту. Архив

Иш издеп бирөөнүн паспорту менен Казакстанга аттанган аял чек арадан кармалды

59
(жаңыланган 10:58 02.08.2016)
Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран ИИМге өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Казакстанга иштөө үчүн бара жаткан 26 жаштагы келин чек арадан кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 1-август күнү "Акжол-автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. 

"Кармалган жаран тууганынын паспорту менен чек арадан өтүп, Казакстанга иштөө үчүн бара жатканын түшүндүргөн", — деп айтылат маалыматта. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң, ал ИИМге өткөрүп берилди.

59
Белгилер:
жумуш, Чек ара, Казакстан
Тема боюнча
Сирияга кетүүгө камынган 20 жаштагы жигит Оштун аэропортунан кармалды
Чоочун паспорт менен Түркияга учууга камынган аял "Манастан" кармалды
Пикирлер