Элчилик Москвада мушташты делген кыргызстандыктар боюнча маалыматты тактап жатат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеого көчөнүн ортосунда жыйырма чакты бала мушташып жатканы тартылган. Ошондой эле аларды аял киши ажыратып жүргөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Москвада мушташты делген кыргызстандыктар боюнча маалыматты КРдин Россиядагы элчилиги тактап жатат.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда кыргызстандыктар топ-топко бөлүнүп алып мушташып жатат деген видео тараган.

"Окуянын кайсы жерде, кайсы жарандар арасында болгондугу такталууда", — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Видеого көчөнүн ортосунда жыйырма чакты бала мушташып жатканы тартылган. Ошондой эле аларды аял киши ажыратып жүргөнүн көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0