Россия акыйкатчысы кыргыз мигранттарынын укугун коргойт

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Акыйкатчысы Кубат Оторбаев. Архив
КРдин Акыйкатчысы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кадам КРдин акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин кайрылуусунан улам ишке ашууда.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова кыргыз мигранттарынын укугун коргоого көмөктөшөт. Бул тууралуу КРдин Акыйкатчы иниституту билдирди. 

Эске сале кетсек, буга чейин КРдин акыйкатчысы Кубат Оторбаев Россиялык кесиптешине кат жолдоп, массалык түрдө депортация болуп жаткан кыргыз мигранттарынын укугун коргоого чакырган. 

"Россиянын адам укуктарын коргоо институту депортацияланган кыргыз мигранттарынын укугун коргоого даяр. Учурда депортацияга туш келген кыргызстандыктардын ишин кайра карап чыгуу боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу жөнөттүк. Мындан ары КР жарандары жеке да бизге кайрыла алат", — деп айтылат маалыматта. 

Татьяна Москалькова мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин, Россиянын мыйзамдары боюнча консультация берүү зарылдыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0