Вице-премьер Разаков Санкт-Петербург башчысы менен кара тизме маселесин талкуулады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭмгек мигранттары, архивдик сүрөт
Эмгек мигранттары, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ЕАЭБ алкагында эмгек мигрантарынын абалы бир кыйла жакшыртылышына ишеним артаарын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен аймак аралык кызматташуу жана мигранттар түшүп калып жаткан кара тизме маселесин талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Разаков бүгүн "Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн" VI Эл аралык конгрессине катышты. 

Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы 240 миң кыргызстандык "кара тизмеге" кириши ыктымал
Разаков Россиянын субъектиси менен аймак аралык кызматташууну өнүктүрүүнү активдештирүү маданий-гуманитардык, эки тараптуу өз ара соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөрүн айтты.

Тараптар Кыргызстандын эмгек мигранттарынын маселесин талкуулады.

Вице-премьер кара тизменин кыскартылышына карабастан кыргызстандык жарандардын саны көп бойдон калып жатканын айтты.

Разаков биргелешкен аракеттерге жана Кыргызстандын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнөн улам Россия аймагындагы эмгек мигрантарынын абалы бир кыйла жакшыртылышына ишеним артаарын билдирди.

Жолугушууга Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0