Эмгек мигранттардын акча которуусу 140 млн. долларга өстү

© Sputnik / Денис Гришкин / Медиабанкка өтүүМосквадагы мигранттар. Архивдик сүрөт
Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын январь-август айларында 1 миллиард 117 миллион доллар которулса, быйылкы жылдын ушул эле маалындагы которуулар 1 миллиард 260,6 миллион долларга жеткен.

БИШКЕК,12-окт. — Sputnik. Чет жактан Кыргызстанга эмгек мигранттары тарабынан которулган акчанын көлөмү январь-август айларында былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 143,6 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылууда.

Беш долларлык жана миң сомдук валюта - Sputnik Кыргызстан
Валютанын күзгү арзандоосуна сом туруштук бере алабы? 5 пикир
Өткөн жылдын январь-август айларында 1 миллиард 117 миллион доллар которулса, быйылкы жылдын ушул эле маалындагы которуулар 1 миллиард 260,6 миллион долларга жеткен.

Улуттук банктын маалыматы боюнча каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан келген. Мындан тышкары, Казакстандан 1,8 миллион доллар, ал эми алыскы чет өлкөдөн 34,5 миллион доллар которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0