Депутат КРдин Россиядагы элчилигинин ишине нааразы болду

© Фото / пресс-служба МИД КРПосольства Кыргызстана в разных странах
Посольства Кыргызстана в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев элчинин да жоопкерчилигин карап чыгуу керек деген ойдо.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. КРдин Россиядагы элчилиги жакшы иштебей жатат. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Анын айтымында, КРдин Россиядагы элчисинин жоопкерчилигин да кароо керек. 

"Көпчүлүк жарандар Россиядагы элчилик кайрылууларына корс жооп берип, кош көңүл жасап жатканын айтышууда. Элчилик мүмкүн болсо күн-түн иштеши керек. Ушуга шарт түзүп берели. Мындан сырткары, элчинин жоопкерчилигин да кароо керек", — деди депутат. 

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп Болот Отунбаев кызмат өтөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0