БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердеги эмгек мигранттарынын маселелери жана аларды кандай себептер менен депортация кылып жибериши мүмкүндүгүн КР мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди. Маалымат жыйында Астана, Бишкек жана Москва студиялары менен видео байланыш болду.
"Өз укуктарын коргоодо айрым тоскоолдуктар чыгууда, ал "кара тизме". Сентябрда анда 117 миңден ашык кыргызстандык бар болчу. Ага административдик эреже бузган, жол эрежесин бузуп, айыпты төлөбөй койгондор да кирип калууда", — дейт Шамшиев.
Ал ошондой эле жашаган жери менен каттоого турган жеринин даректери дал келбей калышы да экинчи себеп болуп жатканын кошумчалады.
"Андыктан жумуш берүүчүлөр эмгек келишимин ИИМден жана кызматка орноштуруу борборлорунан каттоодон өткөрүп жатканына көңүл буруу керек. Андай болбогон учурда анын юридикалык күчү болбойт", — деп Шамшиев эскертти.
Видео көпүрөнүн катышуучулары мигранттар менен кандай иш алып барылып жатканын айтышты. "Кыргызстан — Астана" этно маданият бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаиловдун айтымында Казакстанда "Жарыя" фонду иштейт.
Россиядагы диаспоранын өкүлү Кубанычбек Осмонбеков алар Кыргызстандын аброюн көтөрүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, мигранттардын укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлөт.
"Кара тизме" 2014-жылдан тарта иштей баштаган. Ага Россиянын мыйзамдарын ошондой эл миграциялык тартипти бузгандар түшөт. Бул тизмеге киргендер Россияга кире алышпайт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.