Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россиялыктардын Кыргызстанда бир айга чейин каттоосуз жүрүүсүнө жол ачылды

212
(жаңыланган 15:08 30.12.2016)
Ушундай эле көрүнүш Россияда жүргөн кыргызстандыктарга да тиешелүү.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россия жарандырынын Кыргызстанда 30 күн каттоосу жок жүрө аларын камсыздаган келишимди ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Владимир Путин бул келишимди март айында ратификациялаган. Мындан улам Россияга барган кыргызстандыктар аталган мыйзамдын негизинде жүрүп келишет. 

Эки өлкө ортосунда түзүлгөн бул макулдашуу 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү учурунда Жол картасынын алкагында түзүлгөн. 

Аталган мыйзам жарыялангандан жети күн өткөн соң күчүнө кирет.

212
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, ратификация, келишим
Тема боюнча
Миграция кызматынын жетекчилигине Медетбек Айдаралиев дайындалды
Сурамжылоо: европалыктар мигранттар боюнча абал начарлап кеткенин айтышты
"Кухня" сериалындагы Айнура мигранттар жөнүндө киного тартылды
Москвадагы мигранттар. Архив

Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалып жатат

203
(жаңыланган 12:44 25.11.2021)
Буга чейин Москва мэри реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартууну тапшырган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин эми райондук коммуналдык кызматтардагы мигранттардын санын кыскартууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, шаардык коммуналдык ири ишканаларда мигранттар дээрлик жок.

"Учурда коргоо, тазалоо сыяктуу азыраак айлык төлөнгөн кызматтарды сунуштаган мекемелерде мигранттар бар. Бирок ал жакка деле резерв бар деп ойлойм", — деди Собянин.

Буга чейин Москва мэри реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

Мындай жол менен Москва бийлиги региондордогу россиялыктарды жумуш менен камсыздоону көздөп жатат.

Анткен менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун Москва бюросунун башчысы Абдусаттор Эсоев бул кадамдар Россияга жумуш издеп келген мигранттар үчүн тоскоолдук жаратпайт деген ишенимде. Ал пандемия шартында кара жумушта иштеген мигранттарды аймактагы россиялыктар алмаштыра албайт деп эсептейт.

203
Белгилер:
Москва, Сергей Собянин, Мигрант, кыскартуу
Тема боюнча
Москва шаарынын бийлиги мигрант-куруучулардан баш тартуу ниетинде
Россиядагы мигрант медкамсыздандырууну кантип толтурушу керек. Видеонускама
Курулуш объектисинде иштеп жаткан адамдар. Архив

Москва бийлиги: курулуш тармагында мигранттарды акырындык менен кыскартабыз

169
(жаңыланган 11:18 18.11.2021)
Сергей Собянин реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, ордуна региондо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Москва шаарындагы реновация программасы боюнча иштеген курулуштарда мигранттардын саны дароо эле массалык түрдө кыскартылбайт. Бул тууралуу калаанын Курулуш департаментинин жетекчиси Рафик Загрутдиновго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

"Биз подрядчылар менен келишим түзүп жатканда бул материалды ал, тиги курулушчулар иштесин деп талап коё албайбыз. Бизге тапшырма берилди, бирок аны этап-этабы менен ишке ашыра башташыбыз керек", — деди Загрутдинов.

Шаар бийлиги эмгек шартын жакшыртып, айлыкты дагы көтөрүүнү пландап жатат.

Реновация программасы — Москвадагы эскилиги жеткен турак жайларды (хрущевка) жок кылып, ордуна көп кабаттуу жаңы үйлөрдү куруу. Анын алкагында 1 миллиондон ашык киши үйлүү болот.

169
Белгилер:
Москва, мигранттар, курулуш, чектөө
Тема боюнча
Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди! ИИМдин эскертүүсү
Аткаминерлер. Архив

"Альянстан" келчү депутаттардын бизнеси. Көбү коомдук фонд, бирикме жетектейт

0
(жаңыланган 13:10 01.12.2021)
АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, беш пайыздык босогодон алты партия өтүп, алардын ичинен "Альянс" партиясы шайлоочулардын 8,35 пайыз добушун алып жети мандатка ээ болмокчу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги партиядагылардын ээлик кылган бизнесин тизмектөөнү улантат. Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Ынтымактан" келчү депутаттардын мал-мүлкүн карап чыккан. Маалыматтар Юстиция министрлигинен алынды.

Юстиция министрлигинин порталында Алтынбек Сулайманов "Бир бол" партиясынын төрагасы катары гана көрсөтүлгөн. Ага башка ишкердиктин субъектилери катталган эмес.

Депутат Жогорку Кенеша Алтынбек Сулайманов на заседании
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алтынбек Сулайманов

Мурдагы тышты иштер министри Чыңгыз Айдарбеков "Инновация" коомдук бирикмеси менен фондусун жана "Короо спорт лигасы" коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

Министр иностранных дел Чингиз Айдарбеков принял участие в заседании Совета министров иностранных дел ОДКБ в режиме видеоконференцсвязи
© Фото / пресс-служба МИД КР
Чыңгыз Айдарбеков

Азамат Исираиловго эч бир компания, фирма катталган эмес.

Расмий булактардагы маалыматтарга ылайык, Фарходбек Алимжанов мурун "Ак-Кайын" жабык акционердик коомун, соода-сатык менен алектенген "Бакай-Юг" ЖЧКсын жетектеген. Азыр "Инновация" интеллектуалдык өнүгүү жана бизнести колдоо институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана "Айбек Алимжанов" атындагы кайрымдуулук фондун башкарып келет.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Бир Бол Фарходбек Алимжанов
© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол"
Фарходбек Алимжанов

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Гүлкан Молдобекова жана парламентке аялдардын квотасы менен келе жаткан Нилуфар Алимжанованын атына бир да ЖЧК жазылган эмес.

Жанар Акаевге дүңүнөн соода кылган "Акаев идея" жоопкерчилиги чектелген коому таандык.

Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев на заседании ЖК
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жанар Акаев

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан мандат алмакчы.

0
Белгилер:
Кыргызстан, 'Альянс' партиясы, бизнес
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
421 алганы бар. Парламентке өткөн аял талапкерлер канча добуш чогултту. Тизме
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү