Султанбекова: мигранттардын кирип-чыгуу эсеби жүргүзүлбөй жатат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРабота аэропорта Домодедово
Работа аэропорта Домодедово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коллегиялык жыйында вице-премьер Мамлекеттик миграция кызматы мыйзамдарды, ченемдик-укуктук актылар менен отчетторду даярдоодо жетишсиз иш алып барып жатканын билдирген.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Миграциялык көзөмөлдүн жоктугуна байланыштуу кыргызстандык мигранттардын кирип-чыгуу эсеби жүргүзүлбөй жаткандыгын вице-премьер Чолпон Султанбекова Миграция кызматынын коллегиялык жыйынында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Вице-премьер жыйын учурунда миграция көйгөйүн чечүүдө так багыттар аныкталбай жатканын белгилеп өткөн.

"Тышкы миграцияны кыскартуу үчүн өлкө аймагында жумушчу орундар түзүлүүсү керек. Ошондой эле мекендештерди Россиянын "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча иштерди күчтөндүрүү зарыл", — деп билдирген Султанбекова.

Ал ошондой эле Мамлекеттик миграция кызматы мыйзамдарды, чечнемдик-укуктук актылар менен отчетторду даярдоодо ишти жетишсиз алып барып жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0