Мигранттар Кыргызстанга көбүрөөк акча жөнөтө башташты

© AP Photo / LM OteroАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын январь-февраль айында чет жактагы мекендештер Кыргызстанга 167,7 миллион доллар жөнөтсө, быйыл ошол эле эки айдын ичинде 253,4 миллион доллар которгону белгилүү болду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандык мигранттар 2017-жылдын январь-февраль айларында былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 85,7 миллион долларга көп акча которушкан. Мындай маалымат Улуттук банк тараткан билдирүүдө айтылат.

Прибытие поезда Ташкент-Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияда селсаяк болуп кеткен кыргызстандыктар. Кайырсыз сапар...
2016-жылдын эки айында 167,7 миллион доллар акча келсе, быйыл 253,4 миллион жөнөтүлгөн. Улуттук банк каражаттын 246,7 миллиону Россиядан (былтыр 161,1 млн.) которулганын айтты. Мындан тышкары, Казакстандан 0,5 миллион келсе, калган акча алыскы чет өлкөдөн салынган.

Ар кыл маалымат боюнча чет жакта жарым миллиондон бир миллионго чейинки кыргызстандык эмгектенип келет. Анын 80 пайыздан ашууну — Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0