Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоону токтотуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква шаарындагы мигрант. Архив
Москва шаарындагы мигрант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда иштелип жаткан долбоор Россиядагы миграциялык саясатты жумшартып, өлкөгө жарандарды депортациялоого кеткен чыгымды үнөмдөөгө шарт түзөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги иштеп чыгып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, жеңил-желпи кылмыш жасаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылбайт. Бул тууралуу "Известия" гезити Адам укугу, миграциялык саясат боюнча комиссиянын башчысы Евгения Бобровага таянуу менен билдирди.

Долбоорго ылайык, анча оор эмес административдик укук бузган мигранттар Россиядан чыгарылбайт. Болгону пилициянын коштоосунда билет сатып алып, келген өлкөсүнө кетет.

"Эгер укук бузган жаран поездге отура турган болсо, аларды полиция вагонго отурганга чейин көзөмөлдөйт. Чет элдик жаран Россиянын аймагынан чыгып кеткенден кийин бардык маалыматтар ИИМдин миграциялык органдарына келип түшөт. Учак менен учкандарды болсо полиция учакка чейин коштоп келет", — деп жазат аталган гезит.

Укук коргоочунун айтымында, мындай ыкма депортацияга караганда кыйла жеңил жана ыңгайлуу. Чет элдиктер убактылуу кармоочу жайларда жумалап кармалбайт.

Андан сырткары, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Россияга кирүүгө салынган тыюунун мөөнөтү дагы кыскарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0