АКШ виза берүү эрежесин катаалдантты, бул КР жарандарына да тиешелүү

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүНью-Йорк накануне выборов президента США
Нью-Йорк накануне выборов президента США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми АКШ консулдуктарынын кызматкерлери Америкага келүүнү каалагандардын социалдык тармактагы баракчасын, электрондук почтасын жана телефон номерлерин сурай алат.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы виза алам дегендерге аны берүү тартибин катаалдантты. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Эми Америкага келем дегендер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн да жаңы анкета бекитилди. Анда виза алууну каалагандар социалдык тармактагы баракчасын, электрондук почтасын жана телефон номерин жазышы керек. Андан сырткары, Америкага барам дегендер акыркы беш жылдагы маалыматтарын дагы бериши кажет.

Кыргызстан отпраздновал 24-ю годовщину обретения суверенитета. - Sputnik Кыргызстан
КР бейпилдикти сүйгөн өлкө рейтингинде АКШ менен Кытайдан озду
Тийиштүү чечим 23-майда Ак үйдүн башкаруу жана бюджет кызматында кабыл алынган.

Ошондой эле буга чейинки чет жакка чыгууда колдончу паспорттордун номерин, акыркы 15 жылда кайда барганын жана кандай кызматтарда иштегени боюнча маалыматтарды жазышы керек.

Аталган суроолор анкетада милдеттүү эмес деп белгиленген, бирок аларга жооп бербегендерге виза берүү создуктурулуп же андан баш тартууга алып келиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0