Москвада кыргызстандык мигранттар кайрымдуулук жарамазанын айтып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган Мухидин Ибрагимовдун ата-энесине беришти

Москвада мигранттар "кайрымдуулук жарамазанын" айтып 55 миң рубль чогултушту

360
(жаңыланган 18:17 02.11.2021)
Мекендештер кыргыздар эмгектенген кафе, ишкана, базарларга барып жарамазан айтып, чогулган каражатты мээ рагына кабылган 18 жаштагы балага беришкен.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Москвада кыргызстандык мигранттар "кайрымдуулук жарамазанын" айтып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган Мухидин Ибрагимовдун ата-энесине беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулардын бири Зулпидин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, жекшемби күнү 16 адам чогулуп кыргыздар эмгектенген чайхана, кафе, ишкана жана базарларды кыдырып жарамазан айтышкан. 

Благотворительный жарамазан для кыргызстанца Мухидина Ибрагимова в одном из больниц Москвы
© Фото / Жыпаргул Торобаева
Москвада кыргызстандык мигранттар "кайрымдуулук жарамазанын" айтып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган Мухидин Ибрагимовдун ата-энесине беришти
"Мекендешибиз Мухидин Москвадагы клиникалардын биринде жатат. Буга чейин да кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, жалпысынан 700 миң рублге жакын акча чогулган. Кечээ да жарамазан айтып 55 200 рубль алып келип ата-энесине бердик", — деди Нурматов.

Ошондой эле ал кайрымдуулук иретинде жарамазан айтуу мындан ары да уланарын белгиледи.

"Кечээ 14 жерге барганбыз. Баары кубануу менен кабыл алып колунан келген нерселерин берип узатып жатты. Муну көргөн башка мекендештерибиз да келип кеткиле деп чакырууда. Эки-үч күндөн кийин дагы чыгабыз", — деди ал.

Дарыгерлер 18 жаштагы Мухидинге мээнин рагы деген диагноз коюшкан. Ал бул илдет менен үч жылдан бери алышып келет. Ага 13-май күнү Москвадагы клиникалардын биринде операция жасалган. Атасы Тажидин Ибрагимовдун айтымында, учурда баласы жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. Анын күнүмдүк дарылануусуна 1070 евро керектелет.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

360
Белгилер:
Зулпидин Нурматов, кайрымдуулук, жарамазан
Тема:
Орозо — 2017 (33)
Тема боюнча
Икрамов: орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө сунушун колдоо керек
ЖКда орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө демилгеленди
Москвадагы мигранттар. Архив

Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалып жатат

209
(жаңыланган 12:44 25.11.2021)
Буга чейин Москва мэри реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартууну тапшырган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин эми райондук коммуналдык кызматтардагы мигранттардын санын кыскартууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, шаардык коммуналдык ири ишканаларда мигранттар дээрлик жок.

"Учурда коргоо, тазалоо сыяктуу азыраак айлык төлөнгөн кызматтарды сунуштаган мекемелерде мигранттар бар. Бирок ал жакка деле резерв бар деп ойлойм", — деди Собянин.

Буга чейин Москва мэри реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

Мындай жол менен Москва бийлиги региондордогу россиялыктарды жумуш менен камсыздоону көздөп жатат.

Анткен менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун Москва бюросунун башчысы Абдусаттор Эсоев бул кадамдар Россияга жумуш издеп келген мигранттар үчүн тоскоолдук жаратпайт деген ишенимде. Ал пандемия шартында кара жумушта иштеген мигранттарды аймактагы россиялыктар алмаштыра албайт деп эсептейт.

209
Белгилер:
Москва, Сергей Собянин, Мигрант, кыскартуу
Тема боюнча
Москва шаарынын бийлиги мигрант-куруучулардан баш тартуу ниетинде
Россиядагы мигрант медкамсыздандырууну кантип толтурушу керек. Видеонускама
Курулуш объектисинде иштеп жаткан адамдар. Архив

Москва бийлиги: курулуш тармагында мигранттарды акырындык менен кыскартабыз

170
(жаңыланган 11:18 18.11.2021)
Сергей Собянин реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, ордуна региондо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Москва шаарындагы реновация программасы боюнча иштеген курулуштарда мигранттардын саны дароо эле массалык түрдө кыскартылбайт. Бул тууралуу калаанын Курулуш департаментинин жетекчиси Рафик Загрутдиновго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

"Биз подрядчылар менен келишим түзүп жатканда бул материалды ал, тиги курулушчулар иштесин деп талап коё албайбыз. Бизге тапшырма берилди, бирок аны этап-этабы менен ишке ашыра башташыбыз керек", — деди Загрутдинов.

Шаар бийлиги эмгек шартын жакшыртып, айлыкты дагы көтөрүүнү пландап жатат.

Реновация программасы — Москвадагы эскилиги жеткен турак жайларды (хрущевка) жок кылып, ордуна көп кабаттуу жаңы үйлөрдү куруу. Анын алкагында 1 миллиондон ашык киши үйлүү болот.

170
Белгилер:
Москва, мигранттар, курулуш, чектөө
Тема боюнча
Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди! ИИМдин эскертүүсү
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

0
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды