БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң району боюнча айыл өкмөттөр тургундарга миграция жаатында консультация беришет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабекова билдирди.
Анын айтымында, учурда айыл өкмөт башчыларын окутуу иштери жүрүүдө.
"Атайын окуудан өткөн айыл өкмөт башчылары мындан ары айыл тургундарын миграция жаатында маалымат менен камсыздайт", — деди Исабекова.
Аталган долбоор жалпы республиканы камтып, эл аралык миграция уюмунун көмөгү менен ишке ашып жатат.