Кыргызстандагы мыйзамсыз миграциянын каналы буулду

© AFP / Sebastian Kahnert / POOLЗадержание подозреваемого в Дрездене
Задержание подозреваемого в Дрездене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жасалма жол менен виза алууга аракеттенген киши 30 жаштагы Кыргызстандын жараны экени аныкталган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз түрдө виза алууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасынан жасалма паспорт менен түрк жараны кармалды
Билдирмеге ылайык, Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бирине эмгек визасын алуу үчүн кайрылган жаран соттолбогону тууралуу жана окуган жеринен берилген жасалма маалым катты алып келген. Мындан улам маалым кат экспертизага жиберилип, мыйзамсыз жасалганы белгилүү болгон.

Оперативдүү издөө иштеринин жүрүшүндө жасалма виза алууга аракеттенген киши кармалып, ал Кыргызстандын 30 жаштагы жараны экени аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0