Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы 159 миллион сомго өстү

© AFP / ADEK BERRYДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан келген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Чет жактан Кыргызстанга эмгек мигранттар которгон акчанын көлөмү январь-апрель айларында былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 159 миллион 10 миң долларга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылууда.

Глава объединения Биримдик Канзада Сманова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сманова: депортацияланып анан билеттин айынан кете албай калган мигранттар жокко эсе
Өткөн жылдын январь-апрель айларында 456 миллион 180 миң доллар которулса, быйылкы жылдын ушул эле маалындагы которуулар 615 миллион 190 миң долларга жеткен.

Улуттук банктын маалыматы боюнча каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан келген. Мындан тышкары, Казакстандан 1,3 миллион доллар, ал эми алыскы чет өлкөдөн калган каражаттар которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0