БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын акырына чейин Россиядагы 16 миң кыргызстандык мигрантты "кара тизмеден" чыгаруу пландалып жатканын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдиргенин аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда, Миграция кызматынын аймактардагы өкүлчүлүктөрүндө, чек ара пункттарында электрондук терминалдар уюштурулган. Анда ЕАЭБдин алкагында жумушчу келишимдерди түзүү жана башка эрежелер тууралуу маалыматтар камтылган.
"Биздин көптөгөн жарандар жакынкы жана ыраакы чет мамлекеттерге даярдыгы жок кетип жатышат. Көйгөй жаралбашы үчүн жарандарды атайын маалымат борборлоруна кайрылууга чакырам", — деп Айдаралиев билдирген.
Россиянын мыйзамдарын сактабай "кара тизмеге" кирген мигранттардын 2015-жылдагы саны 180 миңге жеткен. Ал эми 2016-жылы бул көрсөткүч 118 миңди түзсө, 2017-жылы 106 миң болгон.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.