Москвадагы “Синдика” базарындагы өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосквадагы “Синдика” базарындагы өрт
Москвадагы “Синдика” базарындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку кабарлар боюнча өрт үч миң чарчы метр аянтка жайылган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Москвадагы “Синдика” курулуш базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Москванын Строгино районундагы “Синдика” курулуш базарында өрт чыгып, аны өчүрүү үчүн кечки саат 17.04 (Бишкек убактысы боюнча 20.04) Ка-32 тик учагы жөнөтүлгөн. Базардан 500дөй адам эвакуацияланганы кабарланган.

“ӨКМдин Москва шаарынын түндүк-батыш округу боюнча бөлүмүнүн маалыматы боюнча өрттөн жапа чеккендердин арасында Кыргызстандын жарандары жок”, — деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.

Соңку кабарлар боюнча өрт үч миң чарчы метр аянтка жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0