Москвада кылмыш жасаган чет элдик жарандардын статистикасы жарыяланды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВ московском метро усилили меры безопасности
В московском метро усилили меры безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия ИИМинин борбордук башкармалыгынын маалыматы боюнча учурда Москвада 1,3 миллион башка өлкөнүн жарандары бар

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Москва полициясы чет элдик жарандар тарабынан жасалган кылмыштуулуктун статистикасын жарыялады. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Жүргүзүлгөн рейддин алкагында Россияда мигранттарга карата 1659 кылмыш иши козголгон.

"Бул жылы Москвада чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор тарабынан 4,5 миң кылмыш жасалган. Алардын көпчүлүгүн кыргызстандык, өзбекстандык жана украиналык жарандар түздү", — деп билдирген Москва боюнча ИИМдин башкы башкармалыгынын жетекчиси Олег Баранов.

Ал ошондой эле Москвада аталган мамлекеттердин жарандары көп экенин айтып, статистикага таң калууга негиз жок экенин белгилеген.

Россия ИИМинин борбордук башкармалыгынын маалыматы боюнча учурда Москвада 1,3 миллион башка өлкөнүн жарандары бар. Алардын 70 пайызы эмгек мигранттары.

Жаңылыктар түрмөгү
0