Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудинов АКШдан кармалганын ТИМ тастыктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналистка КТРК Эльнура Молдокадырова
Журналистка КТРК Эльнура Молдокадырова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эки жараны АКШдан саясий баш паанек сурашкан

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилигине КР жарандары Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова америкалык чек арачылар тарабынан кармалганы жөнүндө билдирме келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

© Фото / Facebook / Renat SamudinovАктивист Ренат Самудинов
Лидер молодежного крыла СДПК Ренат Самудинов - Sputnik Кыргызстан
Активист Ренат Самудинов

Маалыматка караганда КР жарандары үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында кармалып, элчиликке 19-октябрда билдирме келип түшкөн.

"Кыргызстандын элчилиги АКШнын Чек ара жана Иммиграциялык кызматтары менен байланышканда, кыргыз жарандарынын өлкөгө кирүүгө уруксат кагаздары (виза) жок болуп чыкканы белгилүү болгон. Муну менен катар алар саясий баш паанек сурашканы маалым болду. Учурда аталган маселе АКШнын иммиграциялык сотунун кароосунда турат. Жарандар аларды кармоо шарттары боюнча арызданышкан жок", — деп айтылат маалыматта.

Статуя Свободы в Нью-Йорке. - Sputnik Кыргызстан
Трамп грин-карт лотереясын токтотууга кам урду
Кармалгандарга элчиликтин өкүлдөрү киргизилген жок. Нөөмөтчү элчиликтин байланыш номерлерин жазып алып, КР жарандарына тапшырыларын айткан. Ушул күнгө чейин аталган жарандар Вашингтондогу КР элчилигине кайсы бир маселелер боюнча кайрылган эмес.

Ренат Самудинов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү болгон. Бирок көз карашы туура келбей калып, партиядан чыгарылган. Элнура Молдокадырова КТРКда эмгектенип, журналисттик иликтөөлөр боюнча долбоордун автору болгон. Кийин өз каалоосу менен иштен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0