Москвадагы дарыгер Алибеков: мигранттардын көбү тишинен жабыркайт

© Фото / Гулдой ИсраиловаСтоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве
Стоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз Кубанычбек Алибеков Москва шаарында өз күчү менен медициналык борбор ачып, аны ийгиликтүү иштетип келет.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Кыргызстан эгемендик алгандан бери миллиондогон мекендештерибиз чет жерде жүрөт. Алардын арасында өз киндигин өзү кесип бөтөн жерде ийгиликке жетишкендер да бар. Мындай мекендештерибиздин бири 34 жаштагы Кубанычбек Алибеков, кесиби боюнча хирург. Ал Москва шаарында медициналык борбор ачып, мигранттарды дарылап, аны менен бирге кыргыз дарыгерлерин иш менен камсыздаган.

— Кубаныч мырза, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Эмне үчүн дарыгерлик кесипти тандадыңыз?

— Мен өзүм дарыгердин үй-бүлөсүндө төрөлгөндүктөнбү, айтор, ушул тармакты жактырдым. Айылдагы орто мектепти артыкчылык менен бүтүргөн соң, дароо эле Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетине тапшыргам. Коомдук иштерге жакшы катышкан активдүү студент элем. Окуу жайды аяктап, 2007-жылы Москва мамлекеттик медициналык университетинин хирургия бөлүмүнө ординатурага тапшырдым. Кийин Москва шаарынан аспирантураны аяктап, ооруканалардын биринде иштей баштадым. 

© Фото / Гулдой ИсраиловаМекендешибиз Кубанычбек Алибеков: менимче медициналык борбор ачуу идеясы бул жактагы мекендештерибиздин кыйналганын көргөндөн кийин келди окшойт. Себеби шаардык клиникада иштеп жүргөндө бизге көптөгөн мигранттар кайрылчу
Стоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве - Sputnik Кыргызстан
Мекендешибиз Кубанычбек Алибеков: менимче медициналык борбор ачуу идеясы бул жактагы мекендештерибиздин кыйналганын көргөндөн кийин келди окшойт. Себеби шаардык клиникада иштеп жүргөндө бизге көптөгөн мигранттар кайрылчу

— Бөтөн жерде медициналык борбор ачууга эмне түрткү болду?

США приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга мигранттар которгон каражат быйыл 320 миллион долларга өстү
— Менимче медициналык борбор ачуу идеясы бул жактагы мекендештерибиздин кыйналганын көргөндөн кийин келди окшойт. Себеби шаардык клиникада иштеп жүргөндө бизге көптөгөн мигранттар кайрылчу. Алардын медициналык камсыздандыруусу жок болгондуктан, толук кандуу жардам ала алышчу эмес. Тилекке каршы, ал убакта борбор ачууга дареметим жок болчу. Бирок жакшы ниет — жарым ырыс дегендей тилегим акыры орундалды. Тапкан каражатымды топтоп, болгон күч-аракетимди жумшап атып 2016-жылдын февраль айында "Ваш Доктор" медициналык борборун ишке киргиздим. Аны ачуу албетте оңой болгон жок. Биринчиден, Москвада лицензия алуу өтө татаал. Аны менен бирге медициналык аспаптарды, эмеректерди алуу, ремонт иштерин жүргүзүү, өз ишин жакшы билген адистерди топтоо кыйынчылык жаратты. Азыркы учурда баары өз нугуна түшүп, хирургия, стоматологиядан баштап гинекологияга чейин кызмат көрсөтүп жатабыз.

— Канча адамды иш менен камсыздадыңыз?

— Медициналык борбордун эмгек жамааты 20 адамдан турат. Бардыгы болуп 18 дарыгер, эки медайым иштейт. 17 дарыгер менен эки медайым кыргыз улутундагылар. Ал эми бир дарыгерибиз орус. Алардын тең жарымы Кыргызстандан келсе, калганы Москвадагы окуу жайларды аяктаган кыргыз жаштары.

— Сиздерге көбүнчө мигранттар кайрылат деп уктук.

— Туура, бизге кайрылган бейтаптардын 70 пайызы Орто Азиядан келген эмгек мигранттары. Ал эми 30 пайызын жергиликтүү калк түзөт.

— Көбүнчө кандай оорулар менен кайрылышат?

— Эми оору адамды тандабайт эмеспи. Кыргызстандагы калк кандай оору менен ооруса, бул жактагы мигранттар деле ошондой көйгөйлөр менен кайрылат. Бирок бизге көбүнчө тишинен жапа чеккендер көп келет. 

© Фото / Гулдой ИсраиловаМекендешибиз Кубанычбек Алибеков: медициналык борбордун эмгек жамааты 20 адамдан турат. Бардыгы болуп 18 дарыгер, эки медайым иштейт. 17 дарыгер менен эки медайым кыргыз улутундагылар. Ал эми бир дарыгерибиз орус
Стоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве - Sputnik Кыргызстан
Мекендешибиз Кубанычбек Алибеков: медициналык борбордун эмгек жамааты 20 адамдан турат. Бардыгы болуп 18 дарыгер, эки медайым иштейт. 17 дарыгер менен эки медайым кыргыз улутундагылар. Ал эми бир дарыгерибиз орус

— Мигранттар менен түз иштеген адам катары айтсаңыз, учурда мекендештердин саламаттыгы кандай?

— Мурдагыдай көңүл оорутаарлык абалда деп эсептебейм. Себеби Москвада эле кыргыздар ачкан бир топ медициналык борборлор бар. Мындан улам аларды тейлөө деңгээли жогорулап калды. Бирок бул Москвадагы гана абал. Россиянын башка аймактарында да ушундай борборлор ачылса мекендештерибиз бир топ көйгөйдөн арылмак.

— Келечектеги пландарыңыз кандай? Өз жериңизге кайтып келейин деген ойлоруңуз барбы?

— Чет жерде иштеген кыргыздар сөзсүз түрдө мекенге кайтышы керек деп эсептейм. Себеби чет өлкөдө жүргөн таланттуу жаштар Кыргызстан үчүн чоң инвестиция. Өз билимибизди, тажрыйбабызды өлкөбүздө колдонушубуз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0