ТИМ Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудиновдун кай жакта экенин айтты

© SputnikАктивист Ренат Самудинов и его супруга, журналистка Эльнура Молдокадырова. Фото со страницы Facebook Эльнуры Молдокадыровой
Активист Ренат Самудинов и его супруга, журналистка Эльнура Молдокадырова. Фото со страницы Facebook Эльнуры Молдокадыровой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары мекендештердин жардамга канчалык муктаж экенине кызыгышкан

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Активист Ренат Самудинов менен жубайы, журналист Элнура Молдокадырова учурда Калифорния штатынын Аделанто шаарынын кабыл алуу атайын жайында кармалууда. Бул туралуу КР ТИМнин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, ушул жылдын 19-октябрында Самудинов Молдокадырова Мексика менен АКШнын чек арасынан кармалышкан. Ведомстводон билдиришкендей, алар АКШдан саясий башпаанек сурашкан.

Вид на город Белград - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар эми Сербияда 90 күнгө чейин жүрө алышат
Ал эми жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары мекендештерибиздин жардамга канчалык муктаж экенине кызыгышты.

ТИМдин маалыматына караганда, бир аз мурда Аризона штатынын Сент-Луис шаарында убактылуу кармоо борборунда кармалган Самудинов менен Молдокадырова учурда Калифорнияга жеткирилди.

Аларга саясий башпаанек берүү маселесинин чоо-жайы ички тартиптерге ылайык ачык айтылган эмес.

"Чектөөлөргө байланыштуу жубайлардын өзү менен байланыша алган жокпуз. Бирок АКШдагы кыргыз элчилиги өлкөнүн иммиграциялык кызматы менен байланышта болуп турат. Эгер аларга кандайдыр бир жардам керек болсо аны көрсөтүүгө даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Ренат Самудинов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү болгон. Бирок көз карашы туура келбей калып, партиядан чыгарылган. Элнура Молдокадырова КТРКда эмгектенип, журналисттик иликтөөлөр боюнча долбоордун автору болгон. Кийин өз каалоосу менен иштен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0