БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Чет жактан бакыт издеп кеткен кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россиянын аймактарын байырлашат. Алар негизинен тейлөө, курулуш кызматтары жана базарларда соода-сатык менен алектенишет. Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 10 айында мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы эки миллиард (2, 084) доллардан ашты. Бул каражаттын дээрлик 90 пайызы Россиядан жиберилген.
Анткен менен бөтөн жерде иштеп жүрүп шылуундардын тузагына илинген мекендештердин да саны арбын. Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Доорбек Абдразаков Россияда иштеген кыргыздар кандай учурларда алдамчылыкка дуушар болорун айтып берди.
Биздин өкүлчүлүккө бир жылдын ичинде жардам сурап 7000дей кыргызстандык кайрылды. Ал эми арыз жазгандардын саны 600гө жетет. Эң эле өкүнүчтүүсү — алардын 95 пайызы эмгек келишими жок иштеп жүргөн. Каржылык жактан алганда 97 миллион рубль акчаны өндүрүп берүүгө арыз түшүп, анын 37 миллионун алып бердик. Калганын да тактоо иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, миграция кызматынын өкүлчүлүгүндө учурда кыргыз жарандары үчүн 2400 вакансия бар. Өкүлчүлүк аркылуу да жумушка орношууга болот. Мекендештерибиз жаңы келгенде ар кандай шылуундарга алданып калышы мүмкүн. Кыргыздарды кыргыздар эле алдап кетиши мүмкүн. Кыргызстандан келип алдамчылыкты негизги жумушуна айландыргандар дагы бар.
Аутсорсинг жана клинингдик компанияларга "жем" болгон мигранттар четтен чыгат. Андай компаниялар мамлекеттик ишканалар менен келишим түзүп жумушчуларды таап беришет. Мындай жол менен жумушка орношкондор маянасын ошол ортомчу компаниялардан алышат. Мындан улам жумушчулардын маянасына берилген каражаттын 40-50 пайызын ал компания кымырып алат. Ушундай ортомчулардын айынан айлык акысын айлап ала албай зарыгып жүргөндөр толтура.
Эгер туугандары же тааныштарынын россиялык паспорту болсо аны көп жерден пайдаланышат. "Ай сайын өзүм төлөп турам" деп ал кишинин атынан насыяга турмуш-тиричилик техникаларын жана автоунаа алышат. Ушундан пайдаланып анын башына балээ үйүп кеткендер да бар. Машина алдыргандан кийин Кыргызстанга айдап барып сатып жиберген учурлар кездешет.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.
Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.
Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады
Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.
Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.
Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.
Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.
Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.