Арменияда 2-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз Иранга мыйзамсыз өтүүнү көздөгөн

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЕреван шаары. Армения. Архив
Ереван шаары. Армения. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын акыбалы жакшырганда мекенине депорт кылынышы мүмкүн

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Арменияда үйдүн экинчи кабатынан кулап кеткен кыргызстандык кызга операция жасалды. Бул тууралуу аталган мамлекеттеги КР элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Поезддин от жаккан жайына жашырынып Москвага бараткан кыргызстандык кармалды
3-январда жергиликтүү убакыт боюнча 05:30да (03:30 Бишкек убактысы) тез жардам кызматына Норк-Мараш аймагында кырсык болгону боюнча билдирүү түшкөн. Жабыр тарткан кыргызстандык кыздын бели кокустап "Сурб Григор Лусаворич" медициналык борборуна алып келинген. 

Маалыматка караганда, 29 жаштагы Н. У. тааныштары менен биргеликте Армения менен Ирандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Аларды Улуттук коопсуздук кызматы камакка алган. Кыргызстандык кызды текшерүү мезгили бүткүчө "Амкор Армения" кайрымдуулук фондуна убактылуу бөлүшкөн. 

Кыргыз элчилигинин билдиргенине караганда, кыздын акыбалы жакшырганда мекенине депорт кылынышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0