Элчилик Санкт-Петербургда бычакташты деген КР жарандары боюнча билдирүү таратты

Жазылуу
Айрым ЖМКларда Кыргызстандын жараны жердешин бычактап салган деген маалыматтар тарап кеткен

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Санкт-Петербургдун Красная гвардия районунун полициясы Кыргызстандын жарандары делген кишилер 28-январда урушуп, анын кесепетинен бири бычак жеп жаракат алганын тастыктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Айрым ЖМКларда кыргызстандык жердешин бычактап салды деген маалыматтар тарап кеткен.

"Окуянын чоо-жайын аныктап, жарандардын ким экенин тактоо үчүн тергөө органдарына расмий сурам жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0