Былтыр ар бир жетинчи кыргызстандык Россиянын миграциялык каттоосуна алынган

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоого тургандардын дээрлик жарымы миграциялык тизмеден кайра чыгарылган

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Өткөн жылы 879 575 кыргызстандык Россияда мигрант катары каттоого турганын РФтин Ички иштер министрлиги билдирди.

Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков миграцияны кантип токтотуу керектигин айтты
Мигранттардын көпчүлүгү (дээрлик 377 миңи) жумуш издеп келгендер. Анткен менен ошол эле жылы 412 миң кыргызстандык миграциялык тизмеден чыгарылган. Ал эми 8,5 миңден көбүрөөк киши орус жарандыгын алган.

КРдин Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына караганда, өлкө аймагында 6 миллион 100 миң адам жашайт. Бул ар бир жетинчи кыргызстандык Россияга кеткен дегенди түшүндүрөт.

Эске салсак, 2017-жылдын он айында чет өлкөдө иштеген мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 288 миллион доллар которгону белгилүү болгон. Бул мурдагы жылдын ушул аралыгына салыштырмалуу жарым миллион долларга көбүрөөк каражат. Сумманын дээрдик 99 пайызы, тагыраагы 2 миллиард 244,66 миллион доллары Россиядагы мигранттардан келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0