Былтыр Санкт-Петербургга мигранттардын көбү Кыргызстандан барган

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүНева дарыясынын жээгинде турган кыз. Архив
Нева дарыясынын жээгинде турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга 2017-жылы жалпысынан 879 575 кыргызстандык барып, каттоодон өткөн

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарына 2017-жылы мигранттардын көбү Кыргызстандан барганын Петростаттын отчетуна шилтеме берип "Коммерсант" басылмасы жазды. 

Маалыматка карганда, 2017-жылы Петербург шаарына 10,14 миң кыргызстандык кирген.

"Экинчи орунда Украина турат. Бул өлкөдөн 4,96 миң жумуш издөөчү барган. Жалпысынан айтканда 2017-жылы аталган шаарга КМШ мамлекеттеринен 32,18 миң адам келип, 14 429 киши мекенине кайткан", — деп жазылат макалада.

Ал эми Россияга өткөн жылы жалпысынан 879 575 кыргызстандык барып, каттоодон өткөн. Мигранттардын көпчүлүгү (дээрлик 377 миңи) жумуш издеп баргандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0