ТИМ Ирак абагындагы үч кыргызстандык аял тууралуу маалыматты текшерүүдө

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүОхранный периметр минской исправительной колонии
Охранный периметр минской исправительной колонии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү ЖМКларда үч кыргызстандык аял жашы жете элек 10 бала менен Багдаддын түрмөсүндө сот өкүмүн күтүп жатканы айтылган. Эгер күнөөсү аныкталса, үчөө тең өлүм жазасына тартылат.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги Ирактын консулу менен жолугушуу өткөрүп, Багдад шаарында 10 баласы менен абакта кармалып жаткан үч кыргызстандык жаран тууралуу толук маалымат алууга жардам көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү ЖМКларда үч кыргызстандык аял Багдаддын түрмөсүндө сот өкүмүн күтүп жатканы айтылган. Аларга террорчулук жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча айып тагылууда. Эгер коюлган күнөө аныкталса, үчөө тең өлүм жазасына тартылмакчы.

"Элчилик жолугушуу учурунда консулга толук маалымат алууга жардам берүү менен соттун жүрүшүндө адвокаттык кызмат жагынан да көмөк көрсөтүү өтүнүчү келтирилген нота тапшырды. Мындан тышкары, ТИМ ирак тараптан буга чейин өлкө аймагында кармалган жана жаза өтөп жаткан КР жарандары тууралуу жөнөтүлгөн сурамга жооп күтөт", — деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге Кувейттеги өкүлчүлүк Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдөгү Кызыл чырым эл аралык комитетинин регионалдык миссиясынын дарегине да нота жөнөткөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0