БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында жоголуп кеткен кыргызстандык Альбина Шаршенбек байланышка чыкканын Haberler.com түрк басылмасы жазып чыкты.
Буга чейин ЖМКларга Антальяга иш издеп келген 26 жаштагы кыргызстандык келин изделип жатканы боюнча маалымат тараган. Анын туугандары "Антальядагы куткаруу платформасы" коомдук уюмуна кайрылып, Альбина 12 күндөн бери байланышка чыкпай жатканын маалымдашкан.
Басылманын маалыматына караганда, келиндин изделип жатканы тууралуу билдирүүнү жумуш берүүчү социалдык тармактан көрүп калган.
"Жетекчим мени издеп жатышканы тууралуу айтып калды, ошол замат жоголгондугум тууралуу маалымат тараткан коомдук уюмдун администратору менен байланыштым. Уюлдук аппаратыма байланышкан көйгөйдөн улам үйдөгүлөр менен сүйлөшө албай жаткам", — деп келин басылмага билдирген.
Ошондой эле маалыматта келин өспүрүм балдарын ата-энесине таштап Түркияга иш издеп келгенин белгилеген.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу кийинки милдеттердин бири. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин мамлекет башчынын маалымат кызматы жазды.
"Кийинки милдет Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мамлекет аларга жумушка орношууга өз убагында жардам көрсөтүп, өз Мекенине кайтып келгенден кийин жеке бизнесин ачууга, балдарына татыктуу билим берүүгө, алардын келечеги үчүн кам санабай тургандай кылып шарт түзүп бериши керек", — деген Жапаров.
Ал иштеп тапкан акчасын узак мөөнөттүү инвестицияга, аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын, алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштелип чыгып, кабыл алынарын айткан.
Программада алардын топтогон каражатынын бир бөлүгүн бизнес ачууга/өнүктүрүүгө же "мигранттар үчүн "1+1" схемасы менен бизнес ачууну каржылоо/аны өнүктүрүүгө" жеңилдетилген насыя берүү схемасы боюнча инвестициялоого мамлекет колдоо көрсөткөн инструменттерди түзүү каралган."Албетте, чет жакта иштеп жаткан жарандарыбыз мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү кажет", — деген президент.
Ушул эле маегинде Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кечээ аяктаган иш сапарында эмне белек кылгандыгын айтып берген.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8..+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска көтөрүлөт.