Кытайдагы Шанхай шаары. Архивдик сүрөт

Депутат: кыргызстандыктар Кытайга виза алыш үчүн казак жарандыгын алып жатышат

187
(жаңыланган 17:18 17.04.2018)
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барганда да виза маселеси көтөрүлөрү айтылды

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Эмил Токтошев айрым кыргызстандыктар Кытайга виза алыш үчүн жарандыгын өзгөртүүгө аргасыз болуп жатканын премьер-министр Сапар Исаковго билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-апрелде, оппозициялык "Ата Мекен", "Республика — Ата-Журт" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн 2017-жылы жасалган иши боюнча отчетун угууда.

"Кытайга виза алыш үчүн кыргызстандыктар Казакстандын жарандыгын алып жатышат. Эмнеге бул маселе чечилбей жатат?" — деп эл өкүлү суроо салды.

Өкмөт башчы бул боюнча Кытай тарап менен бардык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, жакында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барганда да ушул маселени көтөрөт. Исаков виза көйгөйүнө 2016-жылы Кытай элчилигинин жанында болгон теракт себеп экенин кошумчалады.

"Балким биздин паспортторго байланыштуу көйгөйлөр дагы себеп болуп жаткандыр", — деди Токтошев.

Эске салсак, буга чейин кыргыз паспортун колдонгон айрым террорчулар аныкталган болчу.

"Ал негизги себеп эмес. Мындай кырдаал элчиликтин алдындагы терактыдан улам келип чыкты", — деди Исаков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен дагы жолугушту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ал эми тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сүйлөшүүлөр учурунда тараптар бир кепке келип жатканын айтты.

"Мисалы жарым жылга виза алуу үчүн элчиликке жүк ташыган айдоочулардын тизмесин жөнөтүп жатабыз", — деди Абдылдаев.

Эскерте кетсек, 30-августта эртең менен жан кечти Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаа менен Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен кыргызстандык үч жаран жаракат алган.

187
Белгилер:
виза, депутат, Сапар Исаков, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Кытай элчилигинде теракт уюштурган үч жаран 38 жылга соттолду
Пикирлер