Чеченстанда акылынан айнып калган кыргызстандык табылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүГрозный шаары. Архив
Грозный шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликке кайрылган аял Чеченстан менен Дагестандын чек арасынан табылган бир тууганын алып келип берүүнү суранган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Чеченстан менен Дагестандын чек арасында абалы начар кыргызстандык жаран табылгандыгын жана акылынан айныгандай тейде экендигин билдирди.

Чрезвычайный и Полномочный Посол КР в РФ Болот Отунбаев - Sputnik Кыргызстан
Элчи Отунбаев Россиядагы иштер, кыйынчылыктар жана аракеттер тууралуу айтып берди
20-апрелде элчиликке аял кайрылып, 30 жашар бир тууганын Гудерместен (Чеченстандагы шаар — ред.) алып келип берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Элчилик Россия ТИМинин Грозный шаарындагы өкүлчүлүгү менен байланышып, дипөкүлчүлүктүн кызматкери ал тарапка чыгып кеткен.

Полиция ишке аралашып, чек арадан изделген киши табылып, Москвага жеткирилип, туугандарынын колуна өткөрүп берилген.

Элчиликтин кызматкери Россия ИИМинин Чеченстан боюнча миграция кызматынан өкүлдөрү менен жолугуп, убактылуу кармоо жайында чет элдиктердин бар-жогун билген. Алардын арасынан кыргызстандыктар кездешкен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0