Көңүл бур, мигрант! Россияда Кыргызстандын ардактуу консулдары көбөйөт

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүЗдание посольства Киргизии в Москве
Здание посольства Киргизии в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Россияда Кыргызстандын ардактуу консулдарын дайындоо иш-чаралары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Акыркы жылдары Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар укуктук жана документ даярдоо жаатында консулдук жардамга көбүрөөк муктаж боло баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, ушул тапта Россияда Кыргызстандын ардактуу консулдарын дайындоо иш-чаралары жүрүп жатат.

"Бүгүнкү күндө элчиликтин юрисдикциясынын алдында Санкт-Петербург, Краснодар, Хабаровск, Оренбург, Воронеж, Томск, Южно-Сахалинск жана Уфа шаарларында Кыргызстандын ардактуу консулдары иштейт. Алар Россиянын мыйзамдарынын алкагында жеке жана юридикалык тараптардын укугун коргоп, тийиштүү жардамдарды көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

КРдин ардактуу консулу — элчиликтин же консулдуктун штаттан тышкаркы кызматкери. Бирок Кыргызстандын тапшырмасы менен ошол өлкөдө кыргыз жарандарына айрым консулдук кызматтарды көрсөтөт.

Негизи Россиядагы Кыргызстандын элчилигине күнүнө канча жаран, кандай маселелер менен кайрыларын буга чейин элчи Болот Отунбаев йтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0