ТИМ: чет өлкөдө жакыны каза болгондорго 50 миң сом компенсация төлөнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун туугандары жакынын жоготкон күндөн тарта үч айдын ичинде Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-консультациялык борборуна арыз менен кайрылуусу керек.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Чет өлкөдө каза тапкан кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү үчүн маркумдун жакындарына 50 миң сомдон компенсация төлөнөт.

Буга кыргыз өкмөтү кабыл алган "Чет өлкөдө каза болгон кыргыз жарандарын мекенине алып келүүгө кеткен каражатты компенсациялоо" токтому шарт түзөрүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Каза болгон жаран чет өлкөдө кандай максат менен жүргөнүнө карабай анын жакындарына үч күн ичинде компенсация төлөнөт. Ал үчүн маркумдун туугандары жакынын жоготкон күндөн тарта үч айдын ичинде Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-консультациялык борборуна арыз менен кайрылуусу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Токтом жарыяланганынан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0