БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Уфа жана Южно-Сахалинск шаарларында иштей турган КРдин ардактуу консулдарын дайындады. Бул тууралуу дипөкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Россиядагы кыргыз элчилиги ар тараптуу колдоого муктаж мигранттарга маалымат иретинде жаңы дайындалган жана мурдатан бери иштеп жүргөн ардактуу консулдардын даректерин сунуштайт.
Кыргызстандын ардактуу консулу — элчиликтин же консулдуктун штаттан тышкаркы кызматкери. Бирок Кыргызстандын тапшырмасы менен ошол өлкөдө кыргыз жарандарына айрым консулдук кызматтарды көрсөтөт.
Генералдык консул — Салимжанов Бообек Эркинбекович
Дарек: Россия, Екатеринбург шаары, Щорс көчөсү, 54а., 5-офис
Телефон/факс: +7-343 223 68 12, 223 68 13, 223 68 14, 223 68 15, IP: 96 20 85
Электрондук дарек: genconkr-ekb@mail.ru, сайт: www.kyrgyzconsulate.ru
Консул — Уметов Бактыбек Таштанбекович
Дарек: Россия, Новосибирск шаары, Крылов көчөсү, 64/1
Телефон/факс: +7-383 210-66-24
Электрондук дарек: konsulsib.kg@mail.ru, сайт: www.kyrgyzconsulate.ru
Консул — Дүйшалиев Бекжан Сталикович
Дарек: Россия, Красноярск шаары, Мир проспектиси, 132
Телефон/факс: +7 (391) 234-34-08
Электрондук дарек: kgkrasnoyarsk@mail.ru, сайт: www.consulkg.ru
Консул — Калиев Марлен Бектурсунович
Дарек: Россия, Владивосток шаары, Алеутская көчөсү, 15 “В”, 402-офис
Телефон: + 7 (924) 725 17 56
Электрондук дарек: consulvl@mail.ru, сайт: consulvl.ru
Консул — Токбаева Айяна Асангуловна
Дарек: Россия, Санкт-Петербург шаары, 7-я линия В.О., 76, 308-офис
Телефон, факс: +7 (812) 332 94 87, + 7 (900) 634 90 95, + 7 962 688 25 06
Электрондук дарек: konsul_kr_spb@mail.ru
Ардактуу консул — Абдиев Таалайбек Калибаевич
Дарек: Россия, Санкт-Петербург шаары, Невский проспектиси, 132-16
Телефон: +7 (812) 717-00-27; факс +7 (812) 717-24-88; + 7 (921) 939 35 40
Электрондук дарек: abdiev.cons.kg@mail.ru
Ардактуу консул — Чиналиев Алексей Олегович
Дарек: Россия, Краснодар шаары, Головатый көчөсү, 313 “А”
Телефон: +7 (988) 245-43-02, факс: +7 (861) 210-22-23
Электрондук дарек: consulkdr@gmail.com, сайт: www.consulkdr.ru
Ардактуу консул — Таалайбек Жандар уулу
Дарек: Россия, Оренбург, Свободина көчөсү, 4, 101(а)-офис
Телефон: +7 (909) 605-28-05, факс +7 (3532) 53-23-12
Электрондук дарек: pckg_56@mail.ru
Ардактуу консул — Мырзабаев Кадырбек Соорбекович
Дарек: Россия, Хабаровск шаары, Фрунзе көчөсү, д.22, 4-офис
Телефон: +7 (4212) 47-39-77, + 7 (909) 852 44 44
Электрондук дарек: kadyrbek@bk.ru
Ардактуу консул – Намазбеков Талант Намазбекович
Дарек: Россия, Воронеж, Республиканская көчөсү, 5
Телефон/факс: +7(473) 261-61-15, +7(473) 616115, +7(906) 6705154
Электрондук дарек: pconsul@vrn-kg.ru; pkkrvrn@mail.ru.
Ардактуу консул — Трофимов Владимир Алексеевич
Дарек: Россия, Южно-Сахалинск шаары, Мир проспектиси, 2 «Б»/8, 3-офис
Телефон: (4242) 30-05-09, (4242) 30-05-14, +7 984 139 33 77 (39-33-77), +7 962 580 52 52 (40-52-52)
Электрондук дарек: consulsakhkg@bk.ru, сайт: www.consulsakh.ru
Ардактуу консул — Абдуманапов Рустам Абдубаитович
Дарек: 634062, Томск, Сакко тар көчөсү, 4, 4-офис
Телефон: +79234445055
Электрондук дарек: manap@mail.ru.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.
Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.
Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады
Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.
Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.
Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.
Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.
Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.