Москва: КР жарандарын мукураткан компаниядан 4 млн. рубль өнүдүрүлдү

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада автобус жана трамвайларды жууп, тазалап иштеген мекендештер Миграция кызматына кайрылышкан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Москвада маянасын ала албай жаткан жүздөгөн Кыргызстандын жарандарына эмгек акысы өндүрүп берилди. Бул туурасында Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Доорбек Абдразаков билдирди.

Анын айтымында, өкүлчүлүккө иштеген жеринде бир айдан бери маяна берилбей жатканы боюнча даттанып 300 кыргызстандык кайрылган. Алар "Мой город" ЖЧКсында Москва шаарын тейлеген автобус жана трамвайларды жууп, тазалап иштешчү.

"Барганыбызда ал жакта 700 кыргызстандык жаран иштеп жатканы белгилүү болду. Компаниянын жетекчилиги буга бухгалтердин катасы себеп болгонун түшүндүрдү. Ал жаңылып акчаны башка эсепке которуп жибериптир. Кайра артка кайтаруу процесстери бүткөнчө айлык төлөнбөй калган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин мекендештерибизге маяна бериле баштады. Учурда 4 миллион 38 миң рубль өндүрүлдү. Ар бири эмгек келишиминде көрсөтүлгөн 20 миң рублди алууда. Андан сырткары, да кошумча 10 миң рубль алышчу экен, компания аны кийинчерээк берүүнү убадалады", — деди Абдразаков.

Москвадан алыс эмес жердеги кыргыз айылында жашаган мигранттар - Sputnik Кыргызстан
Москвадан алыс эмес жердеги "кыргыз айылында" жашаган мигранттар. Репортаж
Ошондой эле ал эртеңкиге чейин 700 кыргызстандыктын баары эмгек акысын алып бүтөрүн жана күнүгө барып өзү көзөмөлдөп турганын кошумчалады. Мындан сырткары, бул боюнча Кыргызстандын Миграция кызматы Россиянын тергөө комитетине кайрылуу жибергенин айтып, эгер баарын толук төлөп бүтсө, тосмо арыз жазып берүүгө макул боло турганын белгиледи.

Ал компанияда жалпы жонунан 1200 жумушчу иштегени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0