Кыргызстандын кайсы облусу мигранттардын которгон акчасынан көз каранды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүУничтожение старых банкнот в Банке России
Уничтожение старых банкнот в Банке России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер эмгек мигранттары акча которбой калса Кыргызстандын ар бир үчүнчү тургуну кедейликтин сазына батат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын бир нече аймагы эмгек мигранттарынын которгон акчасынан көз каранды экенин Улуттук статистика комитетинин үй-чарбасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб билдирди.

Анын айтымында, чет жакта иштеп келүү үчүн негизинен түштүк аймактын тургундары кетет.

"Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү дагы деле болсо Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет. Баткен облусунда эмгек мигранттарынын которгон акчасы жалпы кирешенин 30 пайызын түзөт, Ошто 18, ал эми Жалал-Абадда 9 пайыз", — деди ал.

Работа тепличного комплекса ООО Согласие в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Бардарчылыкка умтулуп... Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөргө күнөскана берилди
Ошол эле учурда жалпы республика боюнча бул көрсөткүч 9 пайызды түзөт.

Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, эгер эмгек мигранттары үйүнө акча салбай калса, Баткен облусунда жакырчылык 20 пайызга, Ошто 18 жана Жалал-Абадда 10 пайызга чейин жетмек.

Жалпысынан алганда жакырчылыктын деңгээли 26 пайыздан 34 пайызга чейин көтөрүлүп, аябай жакыр жашагандар 1 пайыздан 8 пайызга чейин көбөймөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0