Москвада 42 кыргызстандык кармалды. Элчиликтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВид на Москву
Вид на Москву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 10 кыргызстандыктын документтерин текшерүү уланууда.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Москвада футбол боюнча дүйнө чемпионатында коопсуздукту камсыздап, документтерди текшерип жүргөн учурда милиция кызматкерлери кыргызстандык 42 жаранды кармады. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта чет өлкөлүк бир нече жаран кармалгандыгы, алардын арасында кыргызстандыктар да болгону айтылган.

Тула облусунун Заокский районуна барып, аталган жерде курулуп жаткан кыргыз айылы - Sputnik Кыргызстан
Москвадан алыс эмес жердеги кыргыз айылы курулбай калабы? Элчиликтин жообу
Элчиликтин кызматкерлери КР жарандарынын укугу менен кызыкчылыгын коргоо максатында Москванын Таган районунун полиция бөлүмүнө жүрөт.

Учурда кармалган 42 кишинин 30унун документтери текшерүүдөн өтүп, мыйзам бузуу жок болгондуктан кое берилген. Калган 10 кыргызстандыктын документтерин текшерүү уланууда.

Маалыматта элчиликтин кызматкерлери документтерди текшерүү бүткөнгө чейин кала тургандыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0