14 жыл мурда жоголгон кыргызстандык Россиядан табылды. Окуянын чоо-жайы

© Фото / пресс-служба МВД КРНайден кыргызстанец Хусан Шарипов, который 16 лет числился без вести пропавшим
Найден кыргызстанец Хусан Шарипов, который 16 лет числился без вести пропавшим - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жарандын туугандары аны табуу үчүн Россиянын "Жди меня" телеберүүсүнө чейин кайрылган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 14 жылдан бери дайынсыз жүргөн кыргызстандык Хусан Шарипов Россиянын Самара облусунан табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жоголгон 15 жаштагы кыз бир айдан бери табыла элек
Милиция кызматкерлери тактаган маалымат боюнча, Шарипов эгизи менен 2002-жылы иштеп келүү үчүн Самара облусуна кеткен. Кийин кичүү иниси да барган. Бир нече ай иштегенден кийин эгизи менен иниси Кыргызстанга кайтып, ал калып калган. Акыркы жолу туугандары менен 2004-жылы шаардык телефон менен байланышып, ошондон бери дайыны жоголгон. Туугандары "Жди меня" телеберүүсүнө чейин кайрылышып, Россияга бир нече жолу барышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес.

2017-жылы ага окшош киши Самарадагы айылдардын биринде жүргөнү боюнча маалымат түшүп, туугандары активдүү издей баштаган.

"Бул маалыматтан кийин туугандары түрдүү станцияларга кайрылышты. Шариповду көрдүм деген киши ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерине аны телефондон сүрөттөп берген", — деп айтылат маалыматта.

Издөө учурунда 100дөн ашык киши суралып, маалыматтар алынган. Милиция кызматкерлери акырында кыргызстандык жаран Самара облусунун Покровка айылында жүргөнүн аныктаган. 

© Фото / пресс-служба МВД КР14 жылдан бери дайынсыз жүргөн кыргызстандык Хусан Шарипов Россиянын Самара облусунан табылды
Найден кыргызстанец Хусан Шарипов, который 14 лет числился без вести пропавшим - Sputnik Кыргызстан
14 жылдан бери дайынсыз жүргөн кыргызстандык Хусан Шарипов Россиянын Самара облусунан табылды

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аны менен баарлашканда Самвэл аттуу жергиликтүү тургунда иштегенин, ал убагында 2000 доллар берем деп кийин сөзүнө турбай койгонун айтып берген.

"Башка ишке орношуп, тапкан акчасына инисин Кыргызстанга жөнөткөн экен. Андан соң бир нече жерде иштеген. Кээде айлыгын ала албай калган учурлар болгон. Мекенине акчасы жок кайтууну каалаган эмес. "Туугандарым мени издебейт" деп таарынып да жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба МВД КРАл 12-июлда Кыргызстандын Москвадагы элчилигине алып келинген
Найден кыргызстанец Хусан Шарипов, который 14 лет числился без вести пропавшим - Sputnik Кыргызстан
Ал 12-июлда Кыргызстандын Москвадагы элчилигине алып келинген
Ал 12-июлда Кыргызстандын Москвадагы элчилигине алып келинген. Кийин эгиз бир тууганы менен иниси келип, 13-июлда Ошко учушкан. Учурда Шарипов үйүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0