Элчилик Россиядагы "Кыргыз айылы" боюнча көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп жатат

© Sputnik / Кирилл КалинниковКыргызстандын Россиядагы элчилиги Тула облусунун өкүлчүлүгүнө Заокский районундагы Клищино айылы
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Тула облусунун өкүлчүлүгүнө Заокский районундагы Клищино айылы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадан анча алыс эмес жерден кыргызстандыктар 478 жер тилкесин сатып алышкан. Кийин үй салына баштаган жерлер кайтадан айыл чарбага ылайыкташкан жер категориясына өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Тула облусунун өкүлчүлүгүнө Заокский районундагы Клищино айылында жер алган кыргызстандыктардын абалына түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп,  кайрылды.

Москвадан алыс эмес жердеги кыргыз айылында жашаган мигранттар - Sputnik Кыргызстан
Москвадан алыс эмес жердеги "кыргыз айылында" жашаган мигранттар. Репортаж
Эске салсак, Москва шаарынан 120 чакырым алыстыкта мигранттар жашаган айыл түптөлүп, "Ала-Тоо" кыргыз айылы" деген конуштар пайда болгон. Кыргызстандыктар жеке турак-жай салуу үчүн 478 жер тилкесин алышып, 40тай үй-бүлө үй салууга жетишкен. Бирок июнь айынын аягында турак жай салуу үчүн берилген жердин баары айыл чарбага ылайыкташкан жер категориясына өткөрүлгөн. Эми аны Россиянын гана тургундары сатып ала алышат.

Элчиликтин кызматкерлери Заокский районунун башчысы менен жолугушкан, андан кийин элчи Болот Отунбаев бул маселени РФ ТИМинин КМШнын үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник менен болгон жолугушууда көтөргөн. Ал өз кезегинде Тула облусунун өкмөтүнүн жетекчилиги менен сүйлөшө турганын айткан.

"Элчилик Заокский районунун, Тула облусунун жетекчилиги менен бир нече жолу байланышып, маселени оң жагына чечүүгө аракет кылды", — деп айтылат маалыматта.

23-июлда Отунбаев облус губернаторунун орун басары менен телефон аркылуу байланышканда ал элчиликтен аталган маселе боюнча сурам келип түшкөнүн тастыктаган.

Бул маселе элчиликтин жеке көзөмөлүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0