Улан-кыздарды кууратты деген компанияга эми Анталиядан арызданышууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЖенская исправительная колония № 2 в Мордовии
Женская исправительная колония № 2 в Мордовии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган компания эки жума мурда Анталияга 12 адамды жиберген. Бирок алар келишимдеги маяна жана шарттары жок жатаканага, жумушчу визасы колуна тийбей, мыйзамсыз жүргөнүнө нааразылык билдиришти.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. 50гө чукул улан-кызды Түркиянын Анталия шаарына жумушка орноштурам деп акчасын алып, бирок убадасынан тайды делген "Езекия" компаниясынын үстүнөн дагы арыздануулар түштү.

Ага ылайык, бул компания мындан эки жума мурда 12 кыргызстандыкты Түркиянын Кемер районунун Бельдиби (Анталия провинциясы) шаарчасына жиберген.

Шарты начар үйгө жайгашып, убадаланган айлык жок экен деп кабатырлангандардын бири 47 жаштагы Чолпон Раманкулова. Ал Кыргызстандагы айлыгы эч нерсеге жетпегендиктен, эки баласын таштап, оорукчан апасынын дарысына акча табуу үчүн барганын айтат. Кетүү үчүн компанияга 300 доллар төлөгөндүгүн кошумчалады. 

© Фото / Чолпон РаманкуловаЧолпон Раманкулова Анталияга жумушка орношуу үчүн компанияга 300 доллар төлөгөн
Квитанция за услуги трудоустройства - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Раманкулова Анталияга жумушка орношуу үчүн компанияга 300 доллар төлөгөн

"Май айында тааныштарым сунуштаган агенттиктерге кайрылсам толуп калган экен. "Езекияга" келсем бир жумада жөнөтөбүз дегенинен шашып, документтерди чогулттум. Бирок эки ай күттүрүп, 13-июлда араң жөнөттү. Анда да кечки саат 21 лерде чалып "азыр саат 12де (00:00 — ред.) учасыңар, тез келип калгыла" деди. Келишимде Алания округундагы беш жылдыздуу мейманкада иштеп, айлыгыбыз 2000 түрк лира (болжол менен 28 266 сом), кошумча чай пулу дагы болмок", — деди Раманкулова.

Кызыгы, алар жөнөп жатканда барып иштейсиңер деп чечилген аймак башка шаарга алмашып калганын айтып, бирок шарттары окшош болоруна ишендирген. Ошентип алар Кемер районунун Бельдиби аймагына келип түшкөн.

Кувейтке иштеген Кыргызстандык мигранттардын жашоо шарты - Sputnik Кыргызстан
Кувейттеги ишке алданып, кайта албай жаткан кыргызстандыктар. Жашаган жеринен видео
"Мейманкана беш жылдыздуу эмес. Жатаканабыз өтө начар, өзгөчө эркек балдарды малдай кылып эле бир сарайга киргизип койду. Түрмөдөгүдөй темир табактарга салып бир кызыктай тамактарды беришет. Ашкананын жытына чыдап тура албайсың. Келсек айына 1600 лира (22590 сом) аларыбызды айтышты. Жаш кыздар ызы-чуу салса, түрдүү сөздөрдү айтып коркуткан экен, качып кетишти. Күнүгө 25-30 бөлмө тазалайм. Бизди Бишкекте жумушка кабыл алган Чолпон Карагуловага чалсак, кулчулукка жалдагандай кагып-силкет. Балдар дем алышсыз иштеп жатат, биз догурунуп атып 10 күндөн кийин эс алдык. Мейманкананы күнөөлөй албайм, алар ушуну эле сунуштаган экен да", — деди Раманкулова.

© Фото / Чолпон РаманкуловаРаманкулова: жатаканабыз өтө начар, өзгөчө эркек балдарды малдай кылып эле бир сарайга киргизип койду
Условия работы кыргызстанцев в Турции - Sputnik Кыргызстан
Раманкулова: жатаканабыз өтө начар, өзгөчө эркек балдарды малдай кылып эле бир сарайга киргизип койду
Эң коркунучтуусу алар шашылыш жөнөткөнүн жүйөө кылып "келишим кагазы менен визаны артынан жиберебиз" дешкен экен. Бирок алигиче визадан дайын жок. Алар компаниядан тез арада визасын жөнөтүп, шарты жакшы жумушка орноштурууну, болбосо төлөгөн 300 долларын кайтарууну талап кылышууда. Ошондой эле Раманкулова Кыргызстандын миграция кызматына арыз даярдап жатканын кошумчалады.

© Фото / Чолпон РаманкуловаБул компания аркылуу Бишкектен 12 кыргызстандык барган
Условия работы кыргызстанцев в Турции - Sputnik Кыргызстан
Бул компания аркылуу Бишкектен 12 кыргызстандык барган
Жогоруда качып кетти делген кыздардын бири менен байланышканыбызда аты-жөнүн атабоо өтүнүчү менен окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Чынында алар качпай эле көп чуу сала бергендиктен төртөөнү (эки улан, эки кыз) шарттары жакшы жайга которушкан экен. Берки жакта калгандарга качып кетти деп коюшкан. 
© Фото / Чолпон Раманкулова"Езекия" компаниясы быйыл гана түптөлүп, тажрыйбасы аз болгондуктан, ушундай кырдаалга кептелип калганын айтууда
Условия работы кыргызстанцев в Турции - Sputnik Кыргызстан
"Езекия" компаниясы быйыл гана түптөлүп, тажрыйбасы аз болгондуктан, ушундай кырдаалга кептелип калганын айтууда

"Жашаган жерди көрүп таң калдык. Ашканасынан көңүлүбүз айнып үч күн тамак ичпей отурдук. Мен башка иш таап бергиле же Кыргызстанга кайра жөнөткүлө деп жанын койбодум. Чолпон эже болсо "Эмне сен курортко бардыңбы, чыда, иште!" деп салды. Кантип чыдайсың?! Акыры бизди тосуп алган Эрол аттуу ортомчу киши оозубузду жабайын дедиби, төртөөбүздү жакшы мейманканага которду. Бул жерге Анталиядан 14 саат жол жүрүп жетесиң", — деди ал.

Буга чейин "Езекия" компаниясынын кызматкери Чолпон Карагулова жетекчиси Аман Эсенгуловдун телефону деп берген номерге чалганыбызда, өзүн компаниянын консультанты катары тааныштырган Айпери Эсенгулова алып түшүндүрмө бермей болду.

Ал компания быйыл гана түптөлүп, тажрыйбасы аз болгондуктан, ушундай кырдаалга кептелип калганын айтты. Көрсө, жогоруда арыздангандар алардын биринчи жиберген адамдары экен…

Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков жана апасы Рима Баатырбекова - Sputnik Кыргызстан
Кипрден ажал тапкан Садырдын ата-энеси: уулумду 8 жолу бычактап, ыргытып ийишкен
"1600 лираны колуна алып жатканы туура. Жалпы чыгымын кошкондо 2000 лира чыгат дегенбиз. Алар барчу жерди мурда өзүбүз көргөн эмеспиз. Жумуш берген мейманкана жоопкерчиликти алат да. Маселени чечүүгө аракет кылабыз. Эгер укук коргоо органдары сыртка чыгууга уруксат берсе (Түркияга кете албай жаткан жаштар анын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазып коюшкан — ред.) директор Аман Эсенгулов өзү Түркияга барат, болбосо өкүл жиберет. Сиз айткан 12 жаран визага документтерин тапшырып кетишкен, бирок качан даяр болорун билбейм", — деди Эсенгулова.

Ал эми аталган компанияга акчасын берип коюп, жумушка кете албай жаткан улан-кыздар Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына, шаардык прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик миграция кызматына, Бишкек шаарындагы Ленин райондук милициясына арыз жазышкан.

Бишкектеги кырдаал боюнча да ушундай эле жооп болду. Эсенгулованын түшүндүрмөсүн талдап көрсөк, компания жарандарга канча убакытта виза алууга болорун, жумушка орноштуруунун жол-жобосун жакшы билбей туруп иш баштап алган.

"Компаниянын лицензиясы бар, жумуш берүүчүлөрү менен келишим түзүлгөн. Компания жаңылыштык кетирип алды. Виза биздин колубузда эмес, Түркиянын элчилиги берет. Аны күтпөй эле ызы-чуу кылып жатышат. Компания быйыл жаңы ачылганы үчүн тажрыйбасы жетишсиз болуп, консультация берген адам болгон жок. Элчиликке кантип документ тапшырып, кайсы сайттардан маалымат алууну билишпейт. Миграция кызматы да ишти жакшылап түшүндүргөн эмес. Жыл сайын шарттары өзгөрө берет да. Биз элди алдаган жокпуз", — деди Эсенгулова.

Деген менен азыр алардын кызматынан баш тартабыз деп турган улан-кыздарга акчасы кайтарылабы деген эң башкы суроо бүдөмүк бойдон калууда.

Россия Федерациясынын миграция кызматынын кызмамткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтин миграция мыйзамына өзгөртүү кирди. Кыргыз мигранттарга тийгизчү таасири
"Түркияда жайкы сезон жарымдап калды деген менен алар бир жылдык келишим менен бара жатышат. Жумуш табылат. 4-6 айга барам деген студенттер болсо баш тартышсын. Азыр баары арыз жазып коюшуптур, юридикалык баа берилсе ошого жараша иш жасайбыз. Учурда арыздангандар пайда болуп, аны ЖМКлар жазып жетекчилердин айласын кетирүүдө", — деп сөзүн жыйынтыктады Эсенгулова.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев улан-кыздардын "Езекия" компаниясынын үстүнөн жазган арызы каттоого алынып, иликтөө иш-аракеттер башталганын билдирди. Анын негизинде компаниянын жетекчиси чакырылып, иш каралат.

Мындан сырткары, Бишкек шаардык милициянын маалымат катчысы Адыл Оморов улан-кыздардын арызы каттоого алынганын ырастап, териштирүү жүрүп жатканын айтты.

Компания тууралуу…

Ал эми аталган компания жана анын жетекчилери, түптөөчүлөрү туурасында Юстиция министрлигинен жана Ачык бюджет порталынан төмөнкү маалыматтар табылды. 

Кызматкерлер "Езекия" ЖЧКсынын жетекчиси деп Аман Эсенгуловду айтканы менен Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматта ишкананын түптөөчүсү жана жетекчиси катары Элмурат Кыдырбеков көрсөтүлгөн. Бул фамилияны  БШКнын сайтындагы шайлоочулардын тизмесинен издегенде дал ушундай ысым менен 19 жаштагы жаран бар экени белгилүү болду.   

Рейд ФМС по выявлению нелегальных мигрантов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өстү
Белгилей кетсек, буга чейин Кувейтке иштегени барып алданып калган кыргызстандыктар тууралуу макала Sputnik агенттигине чыккандан кийин аларды жөнөткөн Борбор Азия аймагында жумушка орноштуруу агенттигинин лицензиясы алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0