Абдылдаев менен Лавров Россиядагы мекендештердин укуктарын талкуулашты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен. Архив
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүүлөр кыргыз тараптын демилгеси менен ишке ашты.

БИШКЕК, 27-июл. – Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу баарлашты. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.

Сүйлөшүүлөр кыргыз тараптын демилгеси менен ишке ашты.

"Баарлашуу учурунда тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарлардын графиктерин жана кыргыз-орус кызматташуусу тууралуу кеп козгошкон", — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлери Россияда жашап жаткан кыргызстандык жарандардын укуктук ченемдерин өзүнчө талкуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0